Нурбаев: Окуучуларга физика, химиянын формулаларын жаттатуунун кереги жок

Нурбаев: Окуучуларга физика, химиянын формулаларын жаттатуунун кереги жок

Мектептерде Физика менен химиянын формулаларын жаттап отуруунун эч кереги жок — азыр заман башка. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев айтып чыкты.

Депутат билим берүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Каныбек Исаковко кайрылып,  мектеп окуучуларына кесиптик билим берүүнү болушунча эрте баштоо керек экенин белгилеп өттү.

[su_quote]Бизде балдарыбыздын кесип тандосуна көнүл бурбай, алар артта калып жатат. Кесип тандоону болушунча эрте киргизсек окуучулар ата-энелери менен отуруп кесибине жараша бара турган окуу жыйын карап кесип  тандамак.[/su_quote]

Вице-премьер Алтынай Омурбекова 2030-жылга чейин жаңы стратегия даярдалып жатканын айтып, жаңы министр келгенде аны менен акылдашкан соң ишке ашат деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>