Ош облусундагы Кыргызстан айылынын авариялык абалдагы орто мектебин быйыл бүтүрүп бергиле! Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго берди.
“Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылында Курбанбаев атындагы мектепте миңге жакын окуучу бар. Бүгүнкү күндө мектеп авариялык абалда болгондуктан 300 гана окуучу окуп жатат. Жер саздак болгондугуна байланыштуу мектеп чөгүп кеткен. Ушул чөлкөмдөгү эң начар мектеп ушул болуп калды. 2012-жылы 5 млн сом бөлүнгөн. Котлован казылган боюнча турат. Бул Курбанбаев орто мектебин бүтүрүү үчүн быйылкы жылдын бюджетинен акча бөлүп, мектепти бүтүрүп бериңиздер”— деди эл өкүлү.