Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Нурбек Алимбеков: Кыргызстан айылындагы мектепти бүтүрүп бергиле
17.02.2022 | 10:49
Ош облусундагы Кыргызстан айылынын авариялык абалдагы орто мектебин быйыл бүтүрүп бергиле! Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго берди.
“Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылында Курбанбаев атындагы мектепте миңге жакын окуучу бар. Бүгүнкү күндө мектеп авариялык абалда болгондуктан 300 гана окуучу окуп жатат. Жер саздак болгондугуна байланыштуу мектеп чөгүп кеткен. Ушул чөлкөмдөгү эң начар мектеп ушул болуп калды. 2012-жылы 5 млн сом бөлүнгөн. Котлован казылган боюнча турат. Бул Курбанбаев орто мектебин бүтүрүү үчүн быйылкы жылдын бюджетинен акча бөлүп, мектепти бүтүрүп бериңиздер”– деди эл өкүлү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат