Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Бишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калды
15.08.2026 | 15:40

Бишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынан билдиришти.
Аянты 39 миң чарчы метрди түзгөн жаңы комплекс президенттин администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратынын жанында жайгашкан.
Конгресс-холл мурдагы ВДНХ комплексинин жана «Фламинго» сейил багынын аймагында курулууда. Комплексте 1 миң 238 орундуу конференц-зал жана 1 миң конокко ылайыкталган банкет залы каралган.
Мындан тышкары, «Ырыс Ордонун» аймагында беш сүйлөшүү бөлмөсү, заманбап пресс-борбор, 300 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай жана сегиз мейманкана жайгаштырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом