16-август: Кыргызстанда +39°Cге чейин ысыйт, тоо этектеринде күн күркүрөйт

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөн аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +34…+39°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +33…+38°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +34…+39°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +34…+39°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +33…+38°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +25…+30°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12°C, күндүз +26…+31°C.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +20…+22°C, эң жогорку температурасы күндүз +36…+38°C болот.
Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +15…+17°C, эң жогорку температурасы күндүз +25…+27°C болот.