Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Нурлан Шакиевдин иниси Бишкектин Ленин районуна аким болду
18.07.2023 | 11:48
Жыргалбек Шакиев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Белгилүү болгондой, Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин иниси болуп саналат. Ал буга чейин Аксы (Жалал-Абад) жана Чүй районунун акими болуп иштеген.
Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун башка буйругуна ылайык, Тагаев Мураталы Абдыкарович Ленин районунун акими кызматынан бошотулду.
Тагаев бул кызматты 31-марттан бери аркалап келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом