Түркбаев: ИИМдин имараттарын курууда өзгөчө купуялуулук сакталат

Түркбаев: ИИМдин имараттарын курууда өзгөчө купуялуулук сакталат

Ички иштер министрлигине таандык имараттарды кез келген эле курулуш компаниялары куруп, оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзө албай турганы белгилүү. Бул иштерди негизинен ИИМдин атайын курулуш монтаждоо башкармалыгы аткарат. Аталган башкармалыктын башчысы Айдынбек Түркбаев ИИМдеги курулуштар боюнча айтып берип, маек курду. 

— Айдынбек Бөрүбаевич айтсаңыз, Ички иштер министрлигине тиешелүү имараттарды куруу, оӊдоп-түзөө иштерин жүргүүзүдө башка компанияларга же курулуш ишканаларына салыштырмалуу кандай өзгөчөлүктөр, айырмачылык бар?

— Кадимки эле курулуш ишканалары сыяктуу иштерди биз деле аткарабыз. Бирок ИИМге тиешелүү имараттарды куруу, оӊдоп-түзөө иштеринин өзгөчөлүгү татаалыраак. Себеби бул жакта имараттарды салуу жана структурасы татаал болуп, купуялуулукту сакташ керек. Мисалы, курал сактай турган кампаны же дагы бир жашыруун объектилерди курууда, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө атайын уруксат кагазы болуш керек. Ошондой эле белгилүү бир талаптар менен иштеп, берилген убакыттын ичинде ыкчам бүтүрүп беришибиз зарыл. Ар биз имараттын өзүнүн шарттары, талаптары бар, ошого ылайыктап жасап беребиз. Башка курулуш компанияларында же уюмдарында бизге салыштырмалуу купуялык, өзгөчө талап дегендер жок.

— Жакында эле, тагыраагы жайкы сезонго карата Ысык-Көлдө ИИМдин «Дзержинец» эс алуу борборунун ачылышы болду. Ал жерде да жаӊы курулуштар же оӊдоп-түзөөлөр жүргүзүлдүбү?

— Ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен ИИМдин «Джержинец» эс алуу жайына быйыл заман шартына төп келгидей капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Бардык эс алуу корпустары, ашкана, жатакана, балдар эс ала турган бардык жайлар, суу түтүктөрү, канализация толугу менен оңдолду. 2023-жылга карата «Джержинец» эс алуу борборунун оӊдоп-түзөөдөн өткөндөн кийинки ачылышына ички иштер министинин орун басары Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев катышып, жасалган иштер менен таанышып чыгып, түзүлгөн шарттарга ыраазы болушту. Октябрь Урмамбетов «Джержинец» эс алуу борборунда балдардын жана ИИМ ардагерлеринин эс алуусуна мындан ары да мыкты шарттар түзүлө тургандыгын белгиледи.

— Дегеле, ушу тапта өлкө аймагында Ички иштер министрлигине тиешелүү кандай имараттар курулуп бүткөрүлдү, курулууда же оӊдоп-түзөө иштери жүрүүдө?

— Ушу тапта курулуш, оӊдоп-түзөө иштери абдан көп жерлерде жүрүүдө. Албетте, бардыгын айта албайм, анын мыйзам чегиндеги себептери бар. Антсе да айрымдарын атап өтөйүн. Маселен, Нарын жана Чүй облустук милициянын имаратында, Бишкек шаардык милициянын мониторинг борборунда, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын госпиталында, ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясында, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында оӊдоп түзөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле, Чүй облусунун Кемин райондук милициясынын имаратынын чатырын алмаштыруу иштери башталууда. Бишкек шаарынын Көлмө жаӊы конушунда милициянын аймактык бөлүмү 2023-жылдын май айында бүткөрүлүп, ишке берилди.

Чүй облусунун Беш-Күӊгөй айылында 2 кабаттуу аймактык милиция бөлүмүнүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Буюрса сентябрь айында ишке берилет. Жумгал райондук милициянын 2 кабаттуу имаратынын капиталдык курулуш иштери 2022-жылдын май айында башталып, бүгүнкү күндө курулуш иштери уланууда. Ага улай эле, ИИМдин Ички аскерлеринин №7702 аскер бөлүгүндө 200 орундуу казарма курулуп бүтүүдө. Буюрса октябрь айында колдонууга берилет. Ошондой эле ИИМдин Атайын багыттагы полкунда 500 орундуу казарма курулууда.

Ош шаарында кызматкерлердин балдары үчүн 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Ош шаардык милициянын санариптик командалык борборунун имараты курулууда. Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы «Головной» аймагында аскердик бөлүктүн казармасы курулуп, ишке берилди. Ошол эле Көк-Таш айылындагы Ички аскерлердин №707 аскердик бөлүгүнүн имараты курулууда. Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук милициясынын жаӊы имаратынын капиталдык курулуш иштери башталып, жүрүп жатат. Бул эми, айрым бир гана курулуштар. Мындай курулуштар ар бир облуста ондоп саналат.

— Иштин көзүн билген, анык кесипкөй адистерсиз мыкты натыйжага жетүү мүмкүн эмес да. Андыктан, жогоруда айтып өткөн имараттарды курууда эмгеги сиӊип, тажрыйбасы арткан кесиптештериӊизден атай кетерсиз?

— Албетте, биздин иште ар бир адамдын аткарган милдети өтө олуттуу. Ооба, мыкты адистерсиз көздөгөн максатка жетүүгө болбойт. Бизде да өз ишинин чебери болуп, чыгармачылык жана талыкпаган эмгек менен баштаган ишинин майын чыгарган күжүрмөн кызматкерлер арбын. Албетте, жалпы баарынын аттары аталууга татыктуу. Кызматкерлер өлкөнүн бардык аймактарындагы курулуш иштерин колго алып, олуттуу жүктү артына ишти алдыга сүйрөөдө, эмгектери зор болууда. Арийне, биздин команда бир муштумдай түйүлүп, бирдиктүү иштей алгандыктан бирин-экөөнүн ысымын эле атап коюу туура эмес болуп калат. Андыктан ИИМдин курулуш монтаждоо башкармалыгынын ар бир кызматкери мен үчүн баалуу жана ардактуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>