Кыргызстанда бюджеттин эсебинен 1946 адам гемодиализ алат

Кыргызстанда бюджеттин эсебинен 1946 адам гемодиализ алат

Кыргызстанда бюджеттин эсебинен 1946 адам гемодиализ алат. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирет.

Маалыматка ылайык, программалык гемодиализди каржылоо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети аркылуу ар бир алууга 4700 сомдон бирдиктүү белгиленген баа менен жүргүзүлөт.

«Фонддун аймактык башкармалыктары 36 медициналык мекеме менен гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча келишим түзгөн, анын ичинен 33ү жеке менчик жана 3ү мамлекеттик (Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустук ооруканалары)», — деп айтылат ММК Фондунан.

Фонд кошумчалагандай, Fresenius Medical Care кызматтары Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каржыланат, анткени алардын ортосунда МЖӨ механизмдери боюнча келишим түзүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>