Нурланбек Шакиев “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду

Нурланбек Шакиев “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду

Бугүн,  29-март күнү өткөн жабык жыйында Нурланбек Шакиев “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

 

Нурланбек Шакиев 44 жашта. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетинин бүтүрүүчүсү.

Эмгек жолун 1996-жылы “Обон” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң “Учкун” гезитинин башкы редактору, “Эркин Тоо” гезитинин биринчи орун басары, андан кийин башкы редактору болуп иштеген.

Ал КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы, ошондой эле президент Курманбек Бакиевдин  басма сөз катчысы, кийин кеңешчиси болгон.

2009-жылы ЭлТРдин башкы директору болуп иштеген.

2010-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри болуп дайындалган.

2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” фракциясынын лидеринин кеңешчиси болгон.

2017-жылы NewTV каналын негиздеп, жетектеген, 2-канал телеканалынын директору болгон.

2021-жылдын декабрында №17 Аксы бир мандаттуу шайлоо округунан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү. 2022-жылдын январынан бери «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты, бирок партияга мүчө эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>