Облус башчысы контейнерде жашаган 8 үй-бүлөгө батир берүүнү убада кылды

Облус башчысы контейнерде жашаган 8 үй-бүлөгө батир берүүнү убада кылды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Ачы массивинде 2020-жылдан бери контейнерде жашап жаткан 8 үй-бүлөдөн кабар алды.

Маалыматка ылайык, облус башчы тургундардын көйгөйү менен жеринен таанышып, электр энергия жана турак жай маселесин чечип берүүнү убада кылды.

“Бул жердеги 8 үй-бүлөгө тезинен жардам беришибиз керек экен. Оор шартта жашаган 8 үй-бүлөгө Кара-Суу районунда курулуп жаткан социалдык шаарчадан батир берүү маселесин карап жатабыз. Ага чейин электр энергиясын тартуу, кышкысын көмүр менен камсыздайбыз. Кийинки жылы социалдык шаарчанын курулушу бүтөт. 8 үй-бүлөнү ошол жака көчүрөбүз”,-деди Жамалдинов.

Облус башчынын тапшырмасына ылайык, июнь коогалаңында жабыркаган бул 8 үй-бүлөгө азык-түлүк жана ун берилет. Ошондой эле 10-октябрда ар бир үй-бүлө көмүр менен камсыз болуп, 25-октябрга чейин электр энергиясын тартылып жана таза суу менен камсыздалат.

Бул 8 үй-бүлө 2020-жылга чейин Төлөйкөн айылында убактылуу күн кечирип келишкен. Аталган тургундар 2020-жылдан бери Ачы массивинде ӨКМ тарабынан коюлган убактылуу үйлөрдө жашап жатышат. Алар үчүн 2013-жылы Ачы массивинен ар бирине 6 сотыхтен жер бөлүнүп берилип, бирок электр энергия сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей келген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>