Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө
Өчпөс отту өчүрүп салган тиктокерге сот чечим чыгарды
28.10.2021 | 12:21
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тиктокер Аргенге 30 миң сом айып салып, 30 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарды. Бул соттун чыгарган токтомунда айтылат.
Окуя 2021-жылдын 6-апрель күнү болгон. Анда ал Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндөгү “Жеңиш” сейил багындагы өчпөс отту үйлөп атып өчүргөн. Арген кылган күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алган.
Ал видеону өзүнүн Тик-ток социалдык тармагындагы баракчасына жүктөгөн. Ал видео башка социалдык тармактарга жүктөлүп, коомчулуктун жемесине кабылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар