Өгөй атасы зордуктаганын айткан кызга коркутуулар болууда

Өгөй атасы зордуктаганын айткан кызга коркутуулар болууда

Өгөй атасы жана анын досу тарабынан зордукталган 16 жаштагы кыз менен анын апасына коркутуулар болууда. Бул тууралуу активист Эртай Искаков билдирди.

Анын айтымында, милиция ишти 13-августта каттоого алган. Бирок ал кызга ыдык көрсөткөндөр алигиче кармала элек.

Алдын ала маалымат боюнча, өгөй атасы 50 жаштагы А.Т. аттуу жаран.

Учурда 16 жаштагы кыз менен апасы калган төрт баласы менен кризистик борборлордун биринде жашап жатышат. Мындан мурдараак алардын үйүнө түндө өгөй атасынын досу жана башка белгисиз адамдар келип, коркуткан. Ошондой эле өгөй атасынын туугандары ал түрмөгө камалса, кыз менен апасын өлтүрүп кетерин айтышкан.

Бул окуя боюнча Чүй облустук милициясы, учурда милиция экспертизанын корутундусун күтүп жатканын жана ал 1-2 күндө даяр болорун билдирди. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин чечим кабыл алынат.

Азырынча шектүү кармала элек.

Эскерте кетстек, аталган окуя боюнча кыздын апасы милицияга кайрылып, күйөөсү 16 жаштагы кызын зордуктаганын билдирген.

Чүйдө өспүрүм кызды зордуктоого өгөй атасы шектелүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>