Дээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалындыКыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алындыТатьяна Ким 20 жыл иштегенден кийин Wildberries башчысы кызматынан кетти — эмнелер белгилүүБанктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиБишкекте ӨКМге караштуу Башкаруу борборунун экс-башчысы камакка алынды — райондук соттун тактоосу1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты
Садыр Жапаров Казакстанга иш сапар менен барары күтүлүүдө
02.10.2022 | 15:55
Быйыл октябрь айынын ортосунда Казакстандын борбору Астана шаарында үч саммит – Азияда кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешме, “Борбор Азия – Россия” жана КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт.
Азияда кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешме 13-октябрда өтөт.
Ал эми 14-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу болуп, ошол эле күнү “Борбор Азия – Россия” саммити өтөрү пландалган.
Аталган иш-чараларга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун да катышары күтүлүүдө. Азырынча президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун аталган саммитерге барары тууралуу расмий маалымат тарата элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом