Ереванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
ӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жок
15.08.2026 | 15:59

Бишкекте Чүй проспектиси, 166/1 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, өрт 15-августта саат 14:55тер чамасында чыккан. Курулуш объектисинде курулуш материалдары күйгөн.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүү-куткаруу кызматынын бөлүмдөрү тартылып, өрт толугу менен өчүрүлдү.
Окуянын кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Өрт фактысы боюнча материалдар мындан ары териштирүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.
Буга чейин өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бөлүмү (расчету) тартылганы маалымдалган.