Ат майдан, арена жана Кырчын: Адылбек Касымалиев ДКӨгө даярдыкты текшерди — сүрөт

КР Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКӨ) карата бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Касымалиев Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборун түзүүгө карата даярдыктар менен таанышты.

Көчмөндөр оюндарынын расмий илимий программасынын алкагында бул жерде «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий конференциясын өткөрүү пландалууда. Учурда музейдин кире беришинде «Улуу тоолордун тарыхы» деген жалпы темага бириктирилген 16 скульптуралык композиция жана кумдан жасалган 7 скульптура орнотулду.

Чолпон-Ата шаарында Касымалиев спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексине багытталган «Газпром» имаратынын даярдыгы менен таанышты.

Ошондой эле ал Этномаданий өнүгүү, ат спорту жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборундагы (ат майдан) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип, ат оюндары үчүн аренаны куруу долбоору менен таанышты жана көчмөндөрдүн этноэкокомплексинин абалын көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин башчысы Кырчын жайлоосунун VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө карата даярдыгын текшерди.

Касымалиевге этнографиялык борбордун курулушунун жүрүшү, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана керектүү инфраструктураны түзүү боюнча маалымат берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарына бардык даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону тапшырды.

Коопсуздукка, көрктөндүрүүгө жана инфраструктурага, ошондой эле эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун кабыл алууну уюштурууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.