Аймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз бердиИнновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керекКыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыялады
ӨКМ: Бүгүн кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт
25.07.2022 | 09:30
Бүгүн, 25-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй өрөөнүндө 36…41°,
Талас өрөөнүндө 34…39°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 37…42º, тоо этектеринде 34…39°,
Суусамыр өрөөнүндө 27…32º,
Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19° жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом