Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жататКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолукту
ӨКМ Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин эскертет
24.11.2025 | 17:23
Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө, деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Кардын көп өлчөмдө көчүшү Каракол — Энилчек жолунун 70–90-чакырымдарында 25 жана 26-ноябрда болушу мүмкүн. Бул күндөрү аталган аймакта муз тоңуу күтүлөт. ӨКМ айдоочулардан бул жол менен жүргөндө 500 метр аралыкты сактоону, унаада күрөк, дары-дармек салынган аптечка жана ысык суу алып жүрүүнү суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом