Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Өкмөт башчы Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту
17.03.2025 | 17:30
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда өкмөт башчы Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен Камбар Ата-1 ГЭСин куруу долдбоорун талкуулашкан.
Мындан тышкары Дүйнөлүк банк тарабынан бюджеттик колдоого ээ айрым маселелерди, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерди сүйлөшүшкөн.
Жолугушууда Татьяна Проскурякова Кыргызстанды Тажикстан менен чек араны тактоонун ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктаган. Ошондой эле Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө кызыктарлыгын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат