Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
Өкмөт башчы Касымалиев Гонконгго иш сапары менен барды
13.01.2025 | 09:07
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-январда Кытайдын атайын административдик району Гонконгго иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапар 14-январга чейин уланат. Анын алкагында Касымалиев жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык иш-чара деп эсептелген Азия каржы форумуна катышат. Форумда ал баяндамачылардын бири катары сөз сүйлөйт.
Андан тышкары Касымалиев Гонконг атайын административдик районунун башчысы, ошондой эле бир катар ири банк жана каржы институттарынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом