Өкмөт ишкерлерге дипломатиялык паспорт берүүнү карап жатат

Өкмөт ишкерлерге дипломатиялык паспорт берүүнү карап жатат

Кыргызстандын экономикасына салым кошуп, жумуш орундарын камсыз кылып жаткан ишкерлерге дипломатиялык паспортторду беришибиз керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Кыргыз ишкерлер жакшы инвестиция кылып, салыктарды көбүрөөк төгүп, жумуш орундарын камсыз кылса дипломатиялык паспорт беришибиз керек деп ойлоп жатабыз. Анткени, ал Кытайга барабы же, башка өлкөгө барабы ага оперативдүү түрдө иш алып барат деген ойдобуз. Бул жагын дагы караштырып жатабыз”— деди Бакыт Төрөбаев.

Бүгүн, 29-мартта Бакыт Төрөбаевдин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына талапкерлиги Жогорку Кеңештин тармактык комититинде каралып, жактырылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>