Депутат жаңы жыл алдында өкмөттү отставкага кетирүүнү сунуштады

Депутат жаңы жыл алдында өкмөттү отставкага кетирүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев жаңы жыл алдында өкмөттү отставкага кетирүүнү сунуштады.

Жыйында “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан.

Исхак Масалиев белгилегендей, Каржы министрлигинин отчетунда ИДП бекитилген 6,5 пайыздын ордуна 3,7 пайыз деңгээлде өсүшү күтүлүүдө.

«Бул экономиканын өспөй жаткандыгынан кабар берет. Министрлер кабинетинин башчысы бардык жерде ишканалар иштеп жатат деп мактанат. Мунун баары кайда? Аткаруу бийлиги табигый өсүүнү өзүнүн иши катары кабыл алып жатат. Бул туура эмес. Өкмөт өзүнүн иши катары салык системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт», — деди эл өкүлү.

Депутат Салык кызматынын пландарын аткарбай жатканына Украинадагы согуш жана дүйнөлүк тенденция себеп эмес экенин белгиледи.

«Министрлер кабинетинин башчысы айтып жаткан инвестициялар кайда? Мага көрсөткүлө. Ички жана тышкы карыздар өсүп жатат. Бюджеттин таңсыктыгы 35 миллиард сомду түзүп, өкмөт каржы булагы бар экенин айтуудан уялбайт. Мен министрлер кабинетинен азыраак мактанып, көбүрөөк иштешин суранат элем», — деди депутат.

Исхак Масалиев “2022-жылга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзамдын аткарылбаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтып, өкмөттү жаңы жылга чейин отставкага кетирүүнү сунуштады.

“Биздин сунуш кылууга укугубуз бар. Мыйзамдын аткарылбаганына кимдир бирөө жооп бериш керек да. Комитетте сиз дайыма тендер жаңы эле өттү, жолдорду курууга каражат жаңы эле бөлүндү деп айтасыз. Баткенге берилген акча толук жете элек, ал жетпейт, себеби ал жерде да тендерлер өтүшү керек, кайра бир жыл өтөт. Силердин мойнуңарга дагы жүк түшөт. Жеңилирээк жолун табууга болбойбу?

Президент жаңы жылга чейин Тажикстан менен чек аралар такталарын айтты. Кээ бир жерлер боюнча тактоолор болуп калса, анда ал жерге бөлүнгөн каражаттар ашыкча болуп калат. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл албашыбыз керек. Кандай бекитсек, ошондой аткарышыбыз керек», — деди Масалиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>