Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 693,8 млрд сомго жеттиКМТУ менен КУУ Сүлүктүдө инженерлерди жана архитекторлорду биргелешип даярдайтКыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 38,55 пайызына чейин төмөндөдү — КасымалиевКыргызстанда 2026-жылы эмгек акы төлөөгө 203,5 млрд сом жумшалатӨкмөт башчы жарым жылда 88,3 миң жумуш орду түзүлгөнүн билдирдиКасымалиев: Жыл жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 2,35 трлн сомго жетет
Октябрь окуясы: Үмүтбекке үй берилет
03.09.2021 | 11:33
Былтыр октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакында Бишкекте батир берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын октябрь-ноябрь айларында эле президент Садыр Жапаров тарабынан тиешелүү тапшырма берилген. Бирок, борбор калаанын мэриясынын айрым аткаминерлеринин жоопкерчиликсиздигинен улам маселе өз убагында чечилбей калган.
“Аталган маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө, каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакын арада борбор калаадан батир берилет”, – дейт ал.
Былтыр октябрдагы окуяда октон көз жумган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат