Маматалиев парламентти сындагандарды чектен чыкпоого чакырдыКелерки жылы Эгемендүүлүк күнү Нарында белгиленетКРда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда — кеңири маалыматСадыр Жапаров Нарын менен Кочкордо 433 батирлүү ипотекалык үйлөрдү пайдаланууга бердиКыргызстан менен Грузия «жашыл» долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөөдөЖК төрагасы: Абдибаева педофилдерди коргоону көздөгөн эмес
Садыр Жапаров Ташкентке иш сапары менен барат
07.11.2023 | 16:06
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын борбору Ташкентке иш сапары менен барат Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Ташкентте өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышат.
Саммитке Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан менен Пакистандын өкмөт башчылары катышат.
Саммиттин алкагында Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата “Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү – балдар жана жаштар иш-аракетте” темасында эл аралык форум өтөт. Ага президенттин жубайы Айгүл Жапарова катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом