Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова коло үчүн күрөшөт

Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова коло үчүн күрөшөт
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүүдө. Ал бүгүн, 9-августта таймашка чыгып, биринчи беттешинде нигериялык Эстер Колаволени, андан кийин америкалык Кайла Мираклды жеңип, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда ал украиналык Ирина Коляденко менен күрөшүп, 9:2 эсебинде жеңилип калды. Эми Айсулуу Тыныбекова коло үчүн беттешет.

Үчүнчү орун үчүн кармаш эртең, 10-августта саат 23:30да башталат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>