Ош шаарынын 3026 жылдыгы белгилендиОрусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды
21-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
21.08.2026 | 09:00

Бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Ош, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 32…37°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 27…32°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 33…38°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 33…38°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 33…38°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 25…30°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 24…29°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 18…20°C, күндүз 32…34°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы