Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарында 1/8 финалдагы беттешинде жеңилүү ызасын тартты.
Шеров 90 кг салмакта күч сынашты. Ал беттешти 1/16 финалдан баштап, биринчи кармашында кубалык Иван Фелипе Силваны жеңди. .
Андан соң 1/8 финалда Шеров испаниялык Тристан Мосахлишвили менен беттешип, атаандашынан жеңилүү ызасын тартып калды. Ошону менен ал Олимпиададагы мелдештен четтеди.