Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Жер семирткичтердин бааларын негизсиз көтөргөндөргө карата рейддер өтүүдө
11.05.2026 | 10:41

Жер-жерлерде минералдык жер семирткичтердин бааларынын негизсиз кымбатташын алдын алуу максатында рейддер өтүүдө. Текшерүүлөрдү Айыл чарба министрлигинин тиешелүү кызматтары жүргүзүүдө.
Мекеменин маалыматында дүйнөлүк геосаясий кырдаалга байланыштуу жер семирткичтерди жеткирүүдө мүчүлүштүктөр жаралып, март айынан тарта ички рынокто баалар өзгөргөн.
Мындан улам министрлик жер семирткичтердин запасын жетиштүү көлөмдө кармоо, ташып жеткирүү иштерин жөнгө салуу жана таңкыстыктын алдын алуу аркылуу баалардын кескин жогорулап кетишин ооздуктоо саясатын алып барууда.