Өлкөдө 240тан ашык мектеп жарактан чыгып калган, — депутат

Өлкөдө 240тан ашык мектеп жарактан чыгып калган, — депутат

Өлкө боюнча 240тан ашык мектеп авариялык абалда, аларды оңдоп- түзөөгө болбойт. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектептердин дээрлиги жарактан чыгып калган.

Ага карабай андай мектептерде окуу процесстери токтогон жок. Бул опурталдуу көрүнүш. Андыктан, коопсуздукту камсыздоодо алдын алуу чаралары күчөтүлүшү керек. Өлкө башчысы койгон талапка жараша, быйылкы жылы Бишкек шаарында 15 мектеп курулушу керек. Ал эми сентябрь айына саналуу эле убакыт калды. Тапшырма кандай орундалат, анын жоопкерчилигин ким тартат,  бардыгы Министрлер кабинетинин маалыматы угула турган күнү суралат», — деди Ш.Атазов.

Ошондой эле, ал “Андан сырткары адамдын ден соолугун чыңдоого, акыл зиректигин күчөтүүгө арналган сабактар окутулса жаш муундарыбыздын келечеги үчүн чоң колдоо болмокчу», — деп кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>