Депутат: Кыргызстанды эли менен кошо 70 пайыз үлүшүн сатып жиберели

Депутат: Кыргызстанды эли менен кошо 70 пайыз үлүшүн сатып жиберели

Алтын кендерин казууда мамлекетке 30 пайыз, инвесторго 70 пайыз үлүш берилсин деген мыйзам долбоору талкууга түштү. Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, тескерисинче, 70 пайыз мамлекетке, 30 пайыз инвесторго берилсин деп чыкты.

“Буга чейин дагы бул комитеттерде каралды. Бирок, мен чакырылган жокмун. Инвесторлордун үлүшүн 70 пайыз кылбасак келбей коёт дегениңерге кошула албайм. Анткени, 9 пайызына да макулбуз дегендер инвесторлор жүрөт. А биз болсо 70 пайыз беребиз деп жатабыз. Өзүн сыйлаган өлкөлөр алтындарын өзүлөрү өндүрүп бир граммын дагы тышка сатпай кармап турушат. Алтындын куну күн сайын көтөрүлөт. Эгерде 70 пайызга көнбөсө иштетпей эле коёлу. Бизден акылдуу, ыймандуу муун келип өздөрү иштетип алышат.  Кумтөр, Жерүйдөн сабак албаппыз. Бул ачыктан-ачык коррупциялык жол экени көрүнүп эле турбайбы?”-деди Айжигитов.

Ошондой эле Айжигитов бул кадамга каарданып, Кыргызстанды 70 пайыз үлүшү менен кошо элди да кошо сатып жибербейлиби деп нааразылыгын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>