Өлкөдө канттын баасын төмөндөтүү сунушталды

Өлкөдө канттын баасын төмөндөтүү сунушталды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республикага кант жеткирүүчүлөргө бааны төмөндөтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Мындан тышкары, Монополияга каршы кызматтын, Айыл чарба министрлигинин, ири соода түйүндөрүнүн жана кант жеткирүүчүлөрдүн ортосунда республиканын калкын социалдык баада продукция менен камсыз кылуу боюнча келишим түзүү сунушталды.

Жер-жерлерде канттын баасына мониторингди күчөтүү жана дүң, чекене сегменттердеги сатуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, буга чейин министрлер кабинети алты айга өлкөдөн кумшекерди жана чийки камыш кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган. Токтом кумшекерди Кыргызстандын аймагынан массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана кант рыногундагы бааларды кармап туруу максатында иштелип чыккан. Тыюу салуу демилгесин Айыл чарба министрлиги көтөргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>