Өлүм менен аякташы мүмкүн. Кызамыктан кантип сактануу керек?

Өлүм менен аякташы мүмкүн. Кызамыктан кантип сактануу керек?

Кызамык – аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу вирустук оору. Инфекциянын булагы  – оорулуу адам болуп саналат. Кызамыкты бул ооруга чалдыккан, бейтап менен жок дегенде кыска мөөнөттүү байланышта болгон,  эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат. Бир  оорулуу адамдан,  аны менен байланышта болгон ондон ашык адам  бул ооруну жуктуруп алышы мүмкүн.

Коронавируска каршы республикалык штаб кызамыктын негизги белгилерин жана анын алдын алуу жолун атады.

Симптомдору жана белгилери:

Кызамык оорусу 40 градуска чейин жогорку температура, мурундун бүтүшү, бат-бат кургак жөтөл жана конъюнктивит менен коштолот. Оорунун 4-5-күнүнөн баштап денеге кызыл исиркектер чыга баштайт. Эң алгач исиркектер оорулуунун кулагынын артында, бетинде жана моюнунда, андан кийин көкүрогүндө жана тулку боюнда, андан кийин колу-буттарында пайда болот.

Кызамык эмнеси менен коркунучтуу?

Иммунитети начар бейтаптар оорунун оор түрү менен ооруп калышы мүмкүн. Кулактын (отит), мурун  көңдөйчөлөрүнүн сезгениши, өпкөнүн сезгениши (ымыркайлардын өлүмүнүн кеңири таралган себеби), мээ кабыкчаларынын сезгениши (энцефалит) пайда болуп, мээнин калыбына келбей турчу бузулууларына  алып келет.

Андан башка эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна  жана сокур болуп калуусуна, угуунун начарлашына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле өлүм менен аяктаган учурлар дагы кездешет.

Кызамыктан  кантип сактануу керек?

Кызамыкты алдын алуунун  ишенимдүү жолу — эмдөө болуп саналат. Кыргызстандагы эмдөө графигине ылайык, балдар КПК вакцинасын (кызылчага, эпидемиялык тепкиге жана кызамыкка каршы) алгач 12 айында, андан кийин 6 жашында алышы керек.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>