БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Орозо: Бишкекте миң адамга ооз ачар баштыкчалары таратылат – дареги
18.03.2023 | 10:33
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы “Тойбосс” компаниясы менен биргеликте «Биз менен ооз ачыңыз!» аттуу акциясын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Акция Бишкек шаарындагы «Ынтымак» паркындагы амфитеатрда 24-мартта, жума күнү өткөрүлөт. Иш-чара кечки саат 18:00 башталат.
“Сиздер үчүн 1000 ооз ачар баштыкча таратылат. Өткөрүп жибербеңиз. Рамазандын алгачкы жума күнү өткөрүлүп жаткан акциябызга аалымдар, карылар, манасчылар жана ырчылар ардактуу конок болушат”, – деп билдирет муфтият.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда быйыл орозо 23-мартта башталарын билдирген. Ошол эле учурда, орозо башталат турган күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экендиги эскертилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом