Орозодо Садыр Жапаровдун атынан Баткенде 400 кишинин оозу ачылды

Орозодо Садыр Жапаровдун атынан Баткенде 400 кишинин оозу ачылды

Кечээ, 29-апрелде Баткен шаарында президент Садыр Жапаровдун атынан 400 кишинин оозуу ачырылды. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен шаарында 2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү чек арада катталган каргашалуу окуяда каза 36 жарандын урматына КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар (ифтар) уюштурулду.

Ыйык Рамазан айында уюштурулган мындай саамалыкка облус башчысы Абдикарим Алимбаев, КР ЖК депутаты Чыңгыз Ажибаев, бир катар министрлердин орун басарлары, КР Министрлер Кабинетинин бир катар жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустун бардык аймагынан аксакалдар, чек арада орун алган каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 жарандын үй бүлөлөрү, жакындары ошондой эле 173 жарат алган жарандар катышты.

Жалпысынан 400 адамдын катышуусунда өткөн саамалыкта ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, каза болгондордун жакындарына өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтуу менен сабырдуулук каалады.

Ооз ачууга келгендер үчүн атайын сый тамак уюштурулуп, шейит кеткен 36 жаранга багышталып куран окулуп, дуба кылынды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>