Өрт Европадагы токойлорду, талааларды жок кылууда

Өрт Европадагы токойлорду, талааларды жок кылууда

Грецияда акыркы суткада кеминде 53 жолу токойдон өрт чыкты. Адаттан тыш ысык аба ырайы жаңы өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн. Кооптуу аймактардан жүздөгөн адамдар эвакуацияланды. Өрт өчүрүүчүлөр өлкөнүн алыскы аймактарында, атап айтканда Лесбостун түштүгүндөгү Дадия улуттук паркында жана Батыш Македониянын аймагындагы тоолордо да өрттөрдү өчүрүүдө.

Кырсык болгон аймактарга өкмөт мүчөлөрү барышты.

Испаниянын Тенерифе аралында бейшемби күнү чоң өрт чыгып, 600дөн ашуун адам эвакуацияланды. Испанияда акыркы жылдарда 140 гектардан ашык табигый плантациялар жана айыл чарба жерлери өрттөн жабыркаган.

Адаттан тыш ысык менен кошо кургакчылык Европанын түштүгүндө гана эмес, өрт коркунучтуу шарттарга алып келди. Чехиянын түндүгүндө, Децин шаарына жакын жерде Богемиялык Швейцария жаратылыш паркынын аймагында токой өрттөндү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Европадагы башка көпчүлүк учурлардагыдай эле өрттүн чыгышына адам фактору себеп болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>