Тунисте референдум өтүп жатат

Тунисте референдум өтүп жатат

Тунисте президент Кайс Саиддин демилгеси менен бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Элдик добуш берүүгө 9 миллиондон ашык адам катышууга укуктуу. Добуш берүүдө “өлкөнүн жаңы конституциясынын долбоору менен макул же макул эмес”-деген эки чечимдин бирин тандашат.

Добуш берүү президенттин тарапкерлери менен анын каршылаштарынын ортосундагы кескин пикир келишпестиктин шартында өтүп жатат. Негизги оппозициялык партиялар “мыйзамсыз жараян” жана консультациялардын жоктугу менен добуш берүүгө бойкот жарыялоого чакырды. Эксперттердин айтымында, жаңы конституция президенттин ыйгарым укуктарын күчөтөт жана өлкөнү 2011-жылга чейин болгон диктатордук режимге кайтарышы мүмкүн.

Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр өлкө башчысына 2014-жылы кабыл алынган өлкөнүн негизги мыйзамына салыштырмалуу чексиз ыйгарым укуктарды берет. Эгерде алар жактырылса, Тунис президенттик-парламенттик аралаш республика болбой калат жана президент өкмөт башчысын дайындайт, аны өз каалоосу боюнча кызматтан ала алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>