Орус банктарынын Visа, MasterCard карталары Кыргызстанда иштебей калды

Орус банктарынын Visа, MasterCard карталары Кыргызстанда иштебей калды

Visa жана Mastercard эл аралык төлөм системаларынан атайын чектөөлөрдөн улам бул системалардын россиялык банктар тарабынан чыгарылган карталары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да тейленбейт. Бул тууралуу Улуттук банктан “Акчабарга” кабарлашты.

«Учурда мындай карталарды колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү Орусиянын аймагында жергиликтүү карта катары гана мүмкүн», — деп түшүндүрөт Улуттук банк.

Буга чейин «Акчабар» редакциясы «Кыргызстандын кайсы коммерциялык банктарында орусияиялык картадан акчаны накталай алсам болот?» деген материалды жарыялап, анда орусиялык Сбербанктын Visa картасынан акча алууга болоорун аныктаган. Редакция кайрылган көпчүлүк банктардын колл-борборлорунда кабарчыга операцияны жүргүзүү мүмкүн экенин айтышкан, бирок кийинчерээк бардык банктар маалыматты четке кагып, муну глобалдык тыюулар менен түшүндүрүшкөн. Редакциялык эксперимент ошондой эле ири дүкөндөр тармагында орнотулган банкоматтардан акча алуу мүмкүн эмес экенин көрсөткөн.

Тэги: MasterCard Visa

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>