Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирди

30.09.2026 | 13:45
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирди — Новости Кыргызстана

Жоюлуп кеткен Каржы полициясынын төрагасы болгон Сыймык Жапыкеев 2027-жылдын январында өтө турган презденттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жатканын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармагындагы баракчасына билдирди.

“Силер колдосоңор, Кудай колдосо, буюрса, президенттикке талапкерлигимди көрсөтөм. Кандай кылалы, кеңешип кескен бармак оорубайт”,- деп жазган ал соцтармагына.

Сыймык Жапыкеев 49 жашта, кесиби боюнча юрист. Ал жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы, Ысык-Көл облусунун прокурору кызматтарын аркалаган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш кийинки президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январында өткөрүү боюнча чечим кабыл алган. Президенттикке талапкерликти көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган, ал 13-ноябрга чейин уланат.

Буга чейин мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого баруу ниетин билдирген эле. Ошондой эле учурдагы президент Садыр Жапаров дагы шайлоого талапкерлигин коёрун айткан.

Теги: шайлоо
Scroll to Top