Орус каналдары Кыргызстанда эмнеге көрсөтүлбөй калды? Жооп

Орус каналдары Кыргызстанда эмнеге көрсөтүлбөй калды? Жооп

Орусиянын айрым телеканалдары Кыргызстанда убактылуу көрсөтүлбөй турганын «Акнет» компаниясы билдирип чыккан эле, ал эми бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирүү таратты.

«Кыргызстандагы санариптик эфирдик берүү үчүн телеканалдардын социалдык пакети, калктын маалыматка, ошондой эле бардык социалдык топтордун маалыматтык муктаждыктарын эске алуу менен өлкөнүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясына чет өлкөлүк тармактык өнөктөштөр менен иштөө үчүн эки орун бөлүнгөн («Биринчи канал. Бүткүл дүйнөлүк тармак» (ОРТ) жана «РТР-Планета»). Буга байланыштуу орусиялык эки телеканал Кыргызстандын аймагында ачык жеткиликтүү көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ар бир телерадиоберүү керектөөчүлөр үчүн телекоммуникациянын техникалык каражаттарды өз алдынча түзөт жана таркатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Акнет» ишканасына «Россия культура», «Россия 24» жана «Звезда» телерадиоканалдарды аналогдук берүүгө жана радиоуктурууга жайгаштыруу укугуна уруксат берген. Тагыраагы, колдонулган технологияларга карабастан санариптик берүүнүн пакетинде жана алар аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында берүү министрлик тарабынан чектелбейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми 24.kg агенттигине Акнет компаниясы кайрадан Орусиялык телеканалдар көрсөтүлө баштаганы, толук калыбына келтиргенин айтып берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>