Орусия Кыргызстанга 2 миң тоннага жакын азык-түлүк өткөрүп берди

Орусия тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУ ДАТП) акысыз берилген дээрлик 2 миң тонна азык-түлүк жардамы — 1 755 тонна буудай уну жана 202,3 тонна өсүмдүк майы (жалпысы 1 957,3 тонна) — Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларга жеткирилди. Бул жардам коомдук инфраструктураны калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана майыптыгы бар адамдарды колдоо боюнча долбоорлор аркылуу өлкө боюнча социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө берилет.
Азык-түлүктү өткөрүп берүү аземине Орусиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чыңгызбек жана БУУ ДАТПнын Кыргызстандагы директорунун орун басары Секджин Хан катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин акы төлөнүүчү коомдук иштер программасын жана майыптыгы бар адамдардын тамактануусун жакшыртуу программасын колдоонун алкагында БУУ ДАТП жумушсуздарга жана социалдык жактан аялуу катмарларга жардам көрсөтүү боюнча улуттук мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоодо. Өлкө боюнча 5 850дөн ашык үй-бүлө витаминдер менен байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын алышат. Долбоорлор сугат жана ичүүчү суу системаларын калыбына келтирүүнү, климаттык тобокелдиктерди азайтуу үчүн бак-дарактарды отургузууну жана дарыя жээктерин бекемдөөнү, жашоо каражаттарын өнүктүрүү жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары боюнча окутууларды, ошондой эле эмгекке жөндөмдүүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүк колдоосун камтыйт.
Мамлекеттик санариптик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн базасында катталган үй-бүлөлөр Эмгек министрлиги аркылуу акчалай төлөмдөрдү алып, мындан тышкары жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүү жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлорго катышканы үчүн БУУ ДАТПдан 300 кг байытылган буудай уну жана 30 литр өсүмдүк майын алышат. Ал эми окутуу программаларынын катышуучуларына 150 кг ун жана 15 литр май берилет.