Илхам Алиев Борбордук Азия өлкөлөрүн Азербайжандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты деп атады

Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон мамиле — Азербайжандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу президент Ильхам Алиев Чолпон-Атадагы бейформал Консультативдик жолугушууда билдирди.
Ал ошондой эле Баку Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрө берерин белгиледи.
«Азербайжан консультативдик форматтын активдүү катышуучусу болоруна жана өлкөлөрүбүздүн, элдерибиздин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана жакындашуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына сиздерди ишендирип кетким келет», — деп баса белгиледи ал.
Алиев ошондой эле Карабахты калыбына келтирүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.
«Мен ошондой эле Карабахты калыбына келтирүүгө көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Агдам аймагында биз биргелешип ачкан мектеп Манастын ысымын алып жүрөт жана анда балдар окуп жатышат. Бул мектеп — биздин бир туугандыгыбыздын дагы бир символу, ошондой эле элдерибиздин биримдигинин түбөлүктүү эстелиги болуп калат. Муну Карабахтын гана эмес, бүтүндөй Азербайжандын тургундары жогору баалашат», — деди Алиев.
Азербайжандын президенти эки өлкө ортосундагы гуманитардык байланыштардын ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрүн жана Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрүн өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Бул иш-чаралар биздин маданиятыбыз канчалык бай экенин жана элдерибиздин чыгармачылык потенциалын ачкан мындай долбоорлор канчалык зарыл экенин дагы бир жолу көрсөттү», — деди ал.
Ошондой эле Ильхам Алиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун каржылоону көбөйтүү чечими кабыл алынганын маалымдады.
«Фонд ийгиликтүү иштеп жатканына кубанычтамын. Биз фонддун каражатын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алдык жана буга чейин бир нече долбоор ишке ашырылып жатат. Фонддун ишмердүүлүгү өскөн сайын долбоорлордун саны да көбөйөт деп ишенем. Бул биздин жалпы максаттарыбызга кызмат кылат», — деди Азербайжандын президенти.
Алиев Баку менен Бишкек эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге — союздаштык өз ара аракеттенүү деңгээлине чыгарып жатканын баса белгиледи.
«Бул өз ара аракеттенүүнүн эң жогорку деңгээли», — деди Азербайжандын башчысы.