МКК аркылуу Кара-Жыгачта жарандык авиация кызматкерлери үчүн турак жай курулууда

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) линиясы аркылуу жарандык авиация кызматкерлери үчүн заманбап турак жай комплексин куруу боюнча өлкөнүн авиация тармагындагы эң ири социалдык долбоорлордун бирин ишке ашырууну улантууда.
Кара-Жыгач айылындагы курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Курулуш аянтчасында авиация тармагынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жаңы турак жай комплекси курулууда.
Долбоордун алкагында жалпысынан 1 035 батирден турган 23 тогуз кабаттуу турак жай курулат. Комплекстин аймагында балдар аянтчалары, көрктөндүрүлгөн короолор, эс алуу жайлары, унаа токтотуучу жайлар жана социалдык инфраструктура объектилери да салынат.
Компания белгилегендей, бул долбоор жарандык авиация кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун күчөтүүгө багытталган иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Татыктуу турак жай шарттарын түзүү тармактагы адистерди колдоого, авиациялык кесиптердин аброюн жогорулатууга жана жаңы квалификациялуу кадрларды тартууга өбөлгө түзөт.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы мындан ары да жүргүнчүлөр үчүн да, авиация тармагында күн сайын эмгектенген кызматкерлер үчүн да социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.