Орусия кыргыз мигранттарына жаңы эреже киргизди

Орусия кыргыз мигранттарына жаңы эреже киргизди

Орусиянын «Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Орусиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө кирди. Бул туурасында Ички иштер министрлиги маалымат таратты.

Маалыматка караганда, кыргыз жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

— Орусия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;

Орусияга барган 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;

— медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>