Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдүСадыр Жапаров жеке авто-мектептердин ишине коюлган тыюуну жыл аягына чейин узартты«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилетКыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөт
Орусия менен Украина туткундарды алмашты
29.06.2022 | 08:48
28-июнда Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын жетекчиси Орусия менен туткундарды алмашуу болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, туткунга түшкөн 15 орус жоокери 16 украин аскер кызматкери менен бир карапайым жаранга алмаштырылган. Алардын ичинен 14ү жоокер, экөө офицер болгон.
“Украинская правда” басылмасы билдиргендей, туткунга түшкөндөрдү арасында деңизчилер менен десанттар бар. Алар эки ай мурун колго түшүшкөн. Аскерлердин бешөө алмашууга чейин орус ооруканаларында болгон, дагы бешөөнүн жаракаты оор жана тезинен дарылоого муктаж.
Алмашуу Херсон жана Николаев облустарынын чек арасында жүргөн. Бул аймак учурда орус армиясынын көзөмөлүндө.
Орусиянын Коргоо министрлиги алмашуу жөнүндө комментарий бере элек.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар