Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Дүйнө оюну: Айпери Медет кызы бүгүн күрөшөт
03.11.2021 | 10:41
Бүгүн Айпери Медет кызы дүйнө чемпиондугунда күрөшөт. Бул туурасында Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөштө килемге чыгат.
Айпери Медет кызы 76 кг. салмакта чыгат. Анын алгачкы атаандашы Эквадор спортчусу Генесис Вальдес менен күчүн сынайт.
Дагы бир балбан кызыбыз Назира Марсбек кызы (57 кг) эртең килем үстүнө чыгат.
Айпери Медет кызы Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медалды багындырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт