«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Орусияда кыргыз такси айдоочусун атып кетти (ВИДЕО)
03.12.2021 | 18:25
Орусияда кыргызстандык такси айдоочусун атып кетти. Бул туурасында социалдык тармактарда маалыматтар жайылды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Москва шаарынын Большая Садовая көчөсү менен Тверская Заставанын ортосунда окуя болгон. Кадиллактын айдоочусу окту жаңжалдашкан адамга каратып аткан. Андан кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилген. Шектүү кармалган, ал 43 жаштагы Дмитрий Махалов экени айтылууда. «112»-Telegram каналы такси айдоочусунун айдоо стили жакпай калганын жазды.
Айрым маалыматтарга караганда, Малахов унаадан чыгып, 34 жаштагы Алманбет Абдрахманов менен мушташып, травматикалык тапанчасын алып чыгып, бир нече жолу ок чыгарган.
Азыр окуя болгон жерде полиция иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат