Бишкек менен Сеул боордош шаарлар мамилесин түзүү боюнча меморандумга кол коюштуСадыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштадыКөзөмөлдөө үчүн мектептердин окуу китептерине QR-коддор коюлушу мүмкүнКурултайлардан санариптик парламентке чейин — Наталья Никитенко КР ЖКнын трансформациясы тууралуу«Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитинин жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алынды
Орусияда кыргыз такси айдоочусун атып кетти (ВИДЕО)
03.12.2021 | 18:25
Орусияда кыргызстандык такси айдоочусун атып кетти. Бул туурасында социалдык тармактарда маалыматтар жайылды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Москва шаарынын Большая Садовая көчөсү менен Тверская Заставанын ортосунда окуя болгон. Кадиллактын айдоочусу окту жаңжалдашкан адамга каратып аткан. Андан кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилген. Шектүү кармалган, ал 43 жаштагы Дмитрий Махалов экени айтылууда. «112»-Telegram каналы такси айдоочусунун айдоо стили жакпай калганын жазды.
Айрым маалыматтарга караганда, Малахов унаадан чыгып, 34 жаштагы Алманбет Абдрахманов менен мушташып, травматикалык тапанчасын алып чыгып, бир нече жолу ок чыгарган.
Азыр окуя болгон жерде полиция иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат