Кыргыз, өзбек мигранттары Москвада жапырт мушташты (ВИДЕО)

Кыргыз, өзбек мигранттары Москвада жапырт мушташты (ВИДЕО)

2-декабрь күнү Орусиянын борбор калаасы Москвада кыргыз жана өзбек жарандары эки жаат болуп мушташты. Аларды полиция кармап кетти. Бул туурасында ТАСС агенттигине жергиликтүү милиция билдирген.

Маалыматка караганда, баары тең короо шыпыргыч болуп иштешчү. Жалпы жонунан 11 киши экени аныкталган. Алардын жетөө Кыргызстандын жараны, төртөө Өзбекстандын жараны. Бул жаңжалдан 3 адам жабыр тарткан. Кыргызстандык короо шыпыргычтар үйдүн короосунда карды тазалап, ал эми өзбекстандыктар үйдүн чатырындагы карды күрөп жатышкан. Бир тобу чатырдан карды түшүрсө, экинчиси түшкөн карды тазалап жатып, чыр чыгып кеткен.

Алар майда бейбаштык үчүн кармалып, протокол түзүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>