Орусияда мекендешин уурдап, 1 млн рубль талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды  

Орусияда мекендешин уурдап, 1 млн рубль талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды  

Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москва шаарында өз мекендештерин опузалап талап кылуу, уурдоо менен алектенип жүрүп мурда кармалган кылмыштуу топтун жашырып жүргөн мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында кылмышкерлер  күч колдонушуп, бычак менен коркутушуп, Кыргызстандын жаранын унаага салып, анын эркине каршы белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Андан соң аны батирде кармап, 1 000 000 рубль акча талап кылышып, андан соң сабап, 78 000 рублун алып кетишкен. Эртеси бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыштуу ниетин улантып, жабырлануучунун 65 миң рублдук мүлкүн алып кетишкен.

Буга байланыштуу ИИМдин Россиядагы  өкүлчүлүгү  Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте бул топко тиешеси бар адамдарды табуу жана аныктоо боюнча бир катар комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын тергөө комитети тарабынан Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-163-беренелери (“Адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

23-августта Россиянын ИИМдин  тиешелүү башкармалыктарынын ыкчам кызматкерлери Росгвардиянын ыкчам чараларды көрүү атайын отрядынын күжүрмөн колдоосу менен шектүүлөр Москвадан кармалышкан.

— Талас облусунун тургуну 1993-жылы туулган М.Э.. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран “Савалев базарындагы кыргыздар үчүн смотрящий” криминалдык статуска ээ;

— Жалал-Абад облусунун 2000-жылы туулган тургуну Ж.уулу Н..

Учурда бул фактылар иликтенип, алардын мурда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө. Алар мурда кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын июнь айында Москва шаарында жана Москва облусунда «криминалдык авторитеттин» тапшырмасы менен иш алып барган уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Алар акча талап кылуу менен алектенип, ишкердик менен алектенген жарандарга көзөмөлдү уюштурууга аракет кылышкан.

Кылмыштуу топту Нарын облусунда 1988-жылы туулган А.А. башкарып келген. Ал мурда бир катар оор кылмыштар үчүн соттолгон жана “Карагер”  каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.  Жогорудагы кылмыштуу топтун 7 мүчөсүн кармоо операциясы ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>