Ысык-Көлдө жоголгон кытайлык студенттин сөөгү табылды

Ысык-Көлдө жоголгон кытайлык студенттин сөөгү табылды

Ысык-Көлдө жоголгон 22 жаштагы кытай жаранынын сөөгү 25-августта табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кытайлык жарандын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылган. Анын сөөгүн тапкан жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабар берген.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Каза болгон жарандын аты-жөнү Сай Тун. Ал Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти болгон.

Буга чейин кытайлык жаран 1 айдан бери изделип жатканы маалымдалган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: издөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>