Орусиядагы кыргызстандыктар аскерге чакыруу ала баштады

Орусиядагы кыргызстандыктар аскерге чакыруу ала баштады

Орусияда жашаган кыргызстандыктар Россия Федерациясынын аскер комиссариаттарына чакыруу кагаздарын ала башташты. Бул тууралуу Медербек Эсеналиев Фейсбук баракчасына жазды.

«Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыкка чакыруу келди. Кыязы, тилекке каршы, биринчилерден болуп орустардан башкалары согушка жөнөтүлөт…», — деп жазган ал.

Документке ылайык, аскер комиссариатына чакыруу 1976-жылы туулган Атомурзаев Улугбек Узакович аттуу жаранга түшкөн.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын алты айында 10,6 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган. 2021-жылы 19,2 миң кыргыз жараны Орусиянын жарандыгына өткөн.

Кечээ президент Владимир Путин «жарым-жартылай мобилизация» жарыялады. Коргоо министри Сергей Шойгу өз сөзүндө 300 миң резервист бул процедурага баш ийет деп билдирди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>